Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

18-08-2022
09:44

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 49-VII


Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз
Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 163-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 726-VII токтомунун редакциясына ылайык)

Парламенттер аралык Бирликтин алкагында парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Абдалиев Мейкинбек Акимович;

Айсара Нышановна Абдибаева;

Мурадил Жанышбекович Сыдыков;

Камила Абдыразаковна Талиева;

Эмиль Токтакунович Токтошев.

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.


Кыргыз

Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары                                                                                                                                          У.Примов