Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

18-08-2022
09:36

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 50-VII


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча
уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз
Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 16-мартындагы № 123-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 811-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, ЕККУ алкагында парламенттер аралык байланыштарды жигердентүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Айгүл Абдисаламовна Айдарова;

Жанарбек Кубанычович Акаев;

Замирбек Дуйшалыевич Мамасадыков;

Самыйкожо Мирлан;

Миргул Омурзаковна Темирбаева;

Маматалиев Марлен Абдрахманович;

Толонов Данияр Эрмекович.

1.1. Мирлан Самыйкожо парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз

Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун

басары                                                                                                                           У.Примов