КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 52-VII
Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине
Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Ислам Кызматташтык Уюмуна катышкан-мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык
жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары
тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын
парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
- Нурланбек Тургунбекович Шакиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы,
делегация башчысы;
-Жалолидин Паязидинович Нурбаев;
-Суйунбек Абдылдаевич Омурзаков.
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз
Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун
басары У.Примов