КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 46-VII
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык
Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 123-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII, 2022-жылдын 23-ноябрындагы N 653-VII, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 811-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосунда интеграцияны андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, КМШ алкагында парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;
Сеидбек Алмазбекович Атамбаев;
Эмилбек Рамидинович Джусупов;
Алишер Абибиллаевич Козуев;
Коргонбай уулу Жусупбек;
Жаныбек Султанович Кыдыкбаев;
Адахан Кимсанбаевич Мадумаров;
Арсланбек Касымакунович Малиев;
Талайбек Айтмаматович Масабиров;
Искендер Исмаилович Матраимов;
Винера Калыбековна Раимбачаева;
Кубанычбек Карганбекович Самаков;
Таалайбек Насирбекович Сарыбашов;
Кундузбек Кошалиевич Сулайманов;
Бакыт Эркинович Тентишев;
Бактыбек Каныбекович Чойбеков;
Бахридин Валиевич Шабазов.
2. КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:
укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга - Сеидбек Алмазбекович Атамбаев;
экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Кубанычбек Карганбекович Самаков;
социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияга - Винера Калыбековна Раимбачаева;
агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Алишер Абибиллаевич Козуев;
коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Эмилбек Рамидинович Джусупов, Кундузбек Кошалиевич Сулайманов;
илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга - Тентишев Бакыт Эркинович, Жаныбек Султанович Кыдыкбаев;
маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссияга - Талайбек Айтмаматович Масабиров;
саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга - Коргонбай уулу Жусупбек, Адахан Кимсанбаевич Мадумаров, Арсланбек Касымакунович Малиев;
контролдук-бюджеттик комиссияга - Искендер Исмаилович Матраимов;
мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасын изилдөө боюнча туруктуу комиссияга - Таалайбек Насирбекович Сарыбашов, Бактыбек Каныбекович Чойбеков, Бахридин Валиевич Шабазов.
3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз
Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун
басары У.Примов