Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө

17-11-2022
09:30

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 58-VII


Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин
Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча
Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин

түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 163-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Калктын саны жана өнүгүү маселелерин андан ары жөнгө салууда, ошондой эле өлкөдө жакырчылыкты жоюудагы Кыргызстандын парламентчилеринин ролуна чоң маани берип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Чингиз Азаматович Айдарбеков;

Дастан Далабайевич Бекешев;

Шарапаткан Мажитова;

Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева;

Акбокон Дукенович Таштанбеков.

1.1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Улуттук комитеттин башчысы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитети жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз

Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун

басары                                                                                                                                               У.Примов