КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 54-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия
Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы
кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын
кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 18-майындагы № 248-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:
Чынгыз Ильяскожоевич Ажибаев;
Султанбай Абдрашитович Айжигитов;
Атазов Шайлообек Карыбекович;
Боронбаев Абдыбахаб Жолдошович;
Гуля Акматкуловна Кожокулова;
Эрулан Калчороевич Кокулов;
Жылдыз Эсенбековна Садырбаева;
Медербек Джаманкулович Саккараев;
Эльдар Нурланович Сулайманов;
Карим Лемзарович Ханджеза.
1.1. Гуля Акматкуловна Кожокулова Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасы болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Султанбай Абдрашитович Айжигитов Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз
Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун
басары У.Примов