Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, комитеттин мүчөлөрү Бахадыр Сулейманов жана Акылбек Жамангулов болуп Германияда жана Австрияда өткөн коференцияларга катышышты

01-07-2016
09:41

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, комитеттин мүчөлөрү Бахадыр Сулейманов жана Акылбек Жамангулов Бишкектеги ЕККУнун кеңсесинин колдоосу менен 23-24-июнда болуп өткөн “Кагылышуудан кызматташууга: Европадагы кооперативдик коопсуздуктун жанданышы” темасындагы конференцияга  жана 28-30-июнда Вена шаарында өткөн ЕККУнун коопсуздук маселелери боюнча өтүүчү жылдык конференциясына катышышты.

         Мындай жолугушуулар коопсуздук темасындагы диалогдун курулушуна платформа болуп, курал-жарактарды тескөөгө алуу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын арасындагы маалымат алмашуу жана кызматташуунун күчөшүнө өбөлгө түзөт.

         Конференцияда күндемдеги миграция маселелери алкагындагы Европанын коопсуздугу, Украинадагы кырдаал, Приднестровиядагы конфликт, Нагорный Карабах жана Грузиядагы кагылышуулар алкагында ЕККУ аймагында стабилдүүлүк жана коопсуздукту камсыз кылуу талкууга алынды. Мындан сырткары терроризм менен күрөшүү конференцияныны негизги темаларынын бири болду.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Аппаратынын Эл аралык иштер,

коргоо жана коопсуздук боюнча

комитетинин бөлүмү