Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Кыргыз Республикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу" аталышындагы конференция өттү

05-03-2021
16:54

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгы менен Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин катчылыгы биргелешип 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Кыргыз Республикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу" аталышындагы конференция өткөрдү.

Аялдардын эл аралык күнүнүн алдындагы тилектештик боюнча Америка борборунун колдоосу менен уюштурулган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.

Жыйын маалында гендердик теңчилик менен катар аялдардын коомдогу жигердүүлүгүн арттыруу, анын ичинен саясий-экономикалык, социалдык-маданий багыттардагы көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын катышуусун камсыздоо маселелери талкууланды. Андан тышкары, саясаттагы, ишкерчиликтеги жана миграциядагы аялдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан жагдайлар тууралуу сөз болду. Муну менен катар аларды чечүү жолдору айтылып, ар кандай сунуштар берилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы