Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Зергерчилик чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү сунушталууда

16-02-2021
16:07

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин тегерек үстөлү өттү.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары А.Нурбаев, Э.Байбакпаев, М.Маматалиев, Т.Конушбаев, Н.Алимбеков, А.Баатырбеков, Г.Асылбаева, Д.Джумабеков, Т.Масабиров, А.Мамашова, Т.Мамытов, Д.Бекешев, Ж.Акаев, Р.Чойбеков жана Ж.Исаев тарабынан демилгеленген "Зергерчилик чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынга Өкмөттүн жана Улуттук банктын өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Буга чейин аталган мыйзам долбоору артка кайтарылгандыктан, Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде кайрадан кароо сунушу киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору аркылуу  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256 жана 257-беренелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө металл камтылган рудаларды, концентраттарды, куймаларды жана аффинаждалган металлдарды, ошондой эле концентраттардан, куймалардан жана аффинаждалган металлдардан даярдалган зергерчилик жасалымдарды берүүнү жана экспорттоону КНСтен бошотуу сунушталган. Бирок Өкмөт аталган мыйзам долбоору максатка ылайыксыз экенине токтолуп, кабыл алууга каршы корутунду берген. Андыктан, мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу зарылчылыгы чыгууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы