Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытовдун жетекчилиги менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту

12-11-2020
09:58

Бүгүн, 12-ноябрда Төрага Талант Мамытовдун жетекчилиги менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ишкерчиликти өнүктүрүү багытында пикир алмашышты.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү экономикалык каатчылык маалында ишкерлер тушугуп жаткан көйгөйлөр, коронавирус пандемиясынын кесепеттери жана анын жайылышын чектөө багытында жасалган чаралардын натыйжасы тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Өз кезегинде Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин түзүлүш максатына токтолуп, негизги багыт парламент менен бизнес-чөйрөсүнүн ортосундагы байланышты бекемдөө экенин белгиледи. Ошондой эле ишкерлердин кызыкчылыгын жана укугун коргоо менен калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу башкы максат экенин кошумчалады.   

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы