Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жергиликтүү бизнести жөнгө салчу ченемдик укук актыларын иштеп чыгууга ыйгарым укуктарды бере турган мыйзам долбооруна арналган иш-чара өтүүдө

03-04-2018
15:35

Бишкек шаарындагы «Хаятт» отелинде КР ЖК Төрагасынын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊеши жана КР Соода-өнөр жай палатасынын демилгеси менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга бизнести жөнгө салчу өздөрүнүн ченемдик укук актыларын иштеп чыгууга ыйгарым укуктарды бере турган мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өтүүдө. Ал үчүн «КР ченемдик укук актылары жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясын кабыл алуу сунушталууда.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты, Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊешинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев баштаган эл өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, бизнес жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, «КР ченемдик укук актылары жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясы иштелип чыгып, Өкмөттүн жактыруусу менен Жогорку Кеӊештин кароосуна келип түшкөн. Мыйзам долбоорунда атамекендик бизнестин өнүгүшүнө кедерги болчу өтө түйүндүү болуп саналган эки ченем сунушталууда. Ошондуктан, ал маселелерди бизнес өкүлдөрү менен биргелешип чечүү милдети турат.

Биринчиден, мыйзам долбоорунда жергиликтүү мамлекеттик органдар менен административдик мекемелерге бизнести жөнгө салчу өздөрүнүн ченемдик укук актыларын иштеп чыгууга ыйгарым укуктарды бере турган ченем камтылган. Адистердин айтымында, мында ченем бизнести жөнгө салуу жүгүн оорлотуп, ишкердик чөйрөсүнүн абалын начарлатышы мүмкүн. Андан сырткары, коррупцияга жол ачышы да мүмкүн деген пикирлер бар.

Экинчиден, 2008-жылы кабыл алынып, бизнестин кызыкчылыгын натыйжалуу коргоо менен, мамлекеттин ишкердик чөйрөсүнө жөнүн жок аралашуусуна чек койгон «Ишкердикти жөнгө сала турган ченемдик укук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» мыйзам жокко чыгарылып калуу коркунучу бар. Ал буга чейин рыноктогу атаандаштыкты чейтөөгө жана монополизациялоого токоол болуп келген.

Аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен, Кыргызстанда мыйзамдардын жөнгө салуу таасирин талдоого (ЖТТ) мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Дүйнөлүк банктын баасы боюнча Кыргызстан 2007-жылы 99 орунда болсо, 2018-жылы 77 орунга секирик жасаган. Ошондуктан, азырынча мурдагы алган багыттан тайбаш керек. Анткени, сунушталып жаткан долбоордо, тескерисинче, КР Өкмөтүнүн тандоосуна жараша ЖТТ жасалат деген өзгөртүү камтылып калган.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы