Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгына ишкерликти колдоо боюнча бирдиктүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды

22-12-2017
15:33

Бүгүн, 22-декбрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин көчмө жыйыны болду. Көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Абдывахаб Нурбаев, Жанарбек Акаев, Махабат Мавлянова, Бактыбек Сыдыков жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйында 3 маселе боюнча талкуу жүрдү:

  •  Чакан жана орто бизнестин базалык мыйзамдары: бирдиктүү бир мыйзамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
  • КР Өкмөтүнүн астындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
  • Өнүгүүнүн туруктуу максаттары жана миграция.

Аталган кеңештин жыйынынын ачылышында депутат Чыныбай Турсунбеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүүнүн демилгечиси болгондугун эске салып, мурдагы ишкер, андан кийинки мыйзамчы катары республика аймагында ишкерликти колдоо үчүн тиешелүү мыйзамдык база керектигин аңдап-түшүнгөндүгүн белгиледи. “Идеяларды колдоо боюнча фонд болушу зарыл. Көптөгөн ишкерлер каражаттардын жетишсиздигинен мыкты-мыкты идеяларын жүзөгө ашыра албай келет”,-дейт ал. Муну менен катар Ч.Турсунбеков кеңешке ар ай сайын жыйын куруп, ар бир чогулушта ишкерлердин жок дегенде бирден көйгөйүн чечүүнү сунуш кылды.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгын жетекчиси Умбриэль Темиралиев чакан жана орто бизнестин базалык мыйзамдарынын бет ачарын жасап, бул боюнча бирдиктүү бир мыйзамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. “Биз экономикада секирик жасашыбыз керектигин түшүнүп жатабыз, бирок бул кыйын иш”,- деген У.Темиралиев үч өлкөнү – Жапониянын, Казакстандын жана Беларустун тажрыйбаларын мисалга тартты.

Базар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев республикада ишкерликти колдоодо системалуу мамиле жоктугуна нааразычылыгын билдирди. “Фермерлерге колдоо керек. Бирок аларга насыя берүү – бул кичи товар өндүрүүчүлөрдү колдоо болуп саналат. Насыя берүү жол-жобосун өзгөртүү зарыл, 1 айыл өкмөтүн бир чарба катары кароо керек. Орусия менен Казакстан дагы бизден чоң көлөмдө айыл чарба продукцияларын талап кылууда. Андыктан фермерлерди бириктирүү керек”,- дейт С.Пономарев. Анын пикиринде, үч өлкөдөн – Жапония, Казакстан жана Беларустун ичинен бизге Жапониянын тажрыйбасы туура келет.

Депутат Махабат Мавлянова өз сөзүндө угулган маалыматта ишкерликти колдоонун үч формасы сунушталганына токтолуп: “Биз кандайдыр бир тажрыйбага механикалык түрдө эле өтүп кетпешибиз керек. Мында жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен тажрыйбаны кабыл алуу туура болот”,- дейт. Ошну менен катар эл өкүлү Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңеш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнүн долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңеште бетачарын жасашы максатка ылайыктуу болоорун билдирди. М.Мавлянова аталган кеңеш долбоор иштеп чыгып эле туруп калбай, аны аягына чейин жүзөгө ашырышы зарылдыгын кошумчалады.

Талкуу жыйынтыгында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңеш Кеңештин катчылыгына бизнес-ассоциациялардын сунуштарын чогултуп, аракеттеги мыйзамдардын ар бир беренесине талдоо жүргүзүү менен бирдиктүү бир мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы