Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖК Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеӊеши жаш кадрлардын адискөйлүгүн жогорулатуу багытындагы мыйзам долбоорун талкуулады

31-03-2017
15:28

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеӊештин алгачкы жумушчу жыйыны өттү.

Төрага Чыныбай Турсунбеков жетекчилик кылган иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, министрликтердин жана башка мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйында бизнес ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер каралып, бир катар тармактык мыйзамдардын долбоолору талкууланды. Тагыраагы, окуу келишими, тажрыйбадан өтүү, адистик даярдык жана аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө болуучу механизмдерди камтыган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланып, жыйын катышуучалары өз пикирлерин билдиришти. Алсак, бул мыйзам долбоорунда жаш кадрлардын адискөйлүгүн өнүктүрүү  менен тажрыйбадан өтүү үчүн келген жаш адиске карата иш берүүчүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатталган.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеӊеш тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеӊештин мүчөлөрү тарабынан да толук колдоого алынып, мыйзамдын актуалдуулугу ачык белгиленди. Маселен, Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын өкүлү Зарина Чекирбаевнын айтымында, аталган мыйзам долбоору аркылуу ишканалар менен орто адистик билим берүүчү жайлардын ортосунда атайын келишимдер түзүлүп, окуу жайын жаӊы бүткөн адистерди тажрыйбадан өткөрүү колго алса болот.

КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы