Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

DFID Программасы жана Төраганын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкерчмликти өнүктүрүү боюнча Кеңеш кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду

11-09-2018
14:45

Бүгүн 11-сентябрда Улуу Британия Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өз ара жардамдашуу программасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгы ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Меморандумда DFID Программасынын 2018-2019-жылдарга карата Төраганын алдында түзүлгөн Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңешти колдоо шарттары көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек аталган Программанын максаты: парламент жана мамлекеттик эмес секторлор менен биргеликте тоскоолдуктарды азайтуу жана экономиканын инклюзивдүү өнүгүшү боюнча кызматташуу болуп эсептелет.

Эске салсак, Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңеш 2017-жылы түзүлгөн. Ишкерлик чөйрө менен парламент ортосундагы алаканы чыңдоо боюнча иш жүргүзөт жана өлкөдө ишкерлик жүргүзүүгө жакшы шарт түзүп берүүчү платформа болуп бере алат. Кеңешке ар бир фракциядан депутаттар жана курамына жүздөн ашуун ишкана кирген 20дай бизнес-ассоциация мүчөлүк кылат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы