Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, “Кыргыз көмүр” МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө

23-05-2017
17:52

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын (мындан ары - убактылуу депутаттык комиссия) төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А.А.Артыковдун баяндамасын угуп, аталган маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:

1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.

2. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын УКМКсына, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын ИИМине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКга юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. 2017-жылдын майында 2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат угулсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин

Төрагасы             Ч.А.Турсунбеков

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 20-апрели, №1515-VI