Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын Баткен облусундагы көчмө жыйыны

28-04-2023
10:50

Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форуму Баткен облусундагы көчмө жыйынынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Аялдар түзүмү менен биргеликте “Тынчтыкты сактоо боюнча аялдардын активдүү уюмдары менен диалог” аттуу иш-чара өткөрдү. Жыйынга Кыргызстандын биринчи айымы А.Жапарова, вице-спикер Ж.Исаева, Форумдун төрайымы М.Темирбаева, Социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы В.Раимбачаева, эл өкүлдөрү Ш.Мажитова, Л.Лурова, Г.Култаева, А.Айдарова, Н.Алимжанова, Ж.Таалайбек кызы, Баткен облусундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аял активисттер жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын ачылышында Форумдун төрайымы Миргул Темирбаева жолугушуу Баткен облусунун аялдары үчүн кандай чакырыктар, көйгөйлөр бар экенин жана аларды биргелешип кантип чечүүнү талкуулоого мүмкүнчүлүк берерин, жергиликүү актвистердин идеялары жана сунуштары өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Иш чаранын биринчи расмий бөлүгү А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драм театрында өтүп, экинчи бөлүгүндө эл өкүлдөрү жергиликтүү шаардык жана айылдык кеңештин депутаттары, активистер менен билим берүү, саламаттык сактоо, климаттын өзгөрүшүнө көнүгүү, тынчтыкты куруу үчүн демилге жана социалдык бүтүмдүк тармагында пикир алмышты.