Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына сунуш кылуу, аны тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, дубликат берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо

11-04-2023
15:10

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын

2023-жылдын 27мартындагы

15-НИ  тескемеси  менен

Б Е К И Т И Л Д И

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына сунуш кылуу, аны тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, дубликат берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө

Ж О Б О

 

I. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.

1.2. Ушул Жобо сыйлыкка сунуштоо материалдарын тариздөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына (мындан ары - Ардак грамота) сунуштоо тартибин, Ардак грамотаны тапшыруунун, эсепке алуунун, сактоонун, анын дубликатын берүүнүн жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартибин аныктайт.

 

II. Ардак грамотага сунуштоо тартиби

2.1. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштама ушул Жобонун 2.6-пунктунда көрсөтүлгөн сыйлоо материалдары толук толтурулуп туура таризделгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери – чет өлкөлүк жарандарга жана уюмдарга;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси - Аппараттын кызматкерлерине.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы жана депутаттык тобу Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштаманы киргизүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алышат.

2.2. Ардак грамота менен сыйлоого сунуштама министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери тарабынан демилгеленет жана ушул Жобонун 2.6-пунктунда көрсөтүлгөн сыйлоо материалдары толук толтурулуп, туура таризделгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жөнөтүлөт.

Сыйлоо жөнүндө сунуштамага жетекчинин колу коюлуп, ал эми ал жок болгон учурда жетекчинин орун басары кол коюп, ага кол коюуга укук берилген буйруктун көчүрмөсүн тиркөө менен жөнөтүлөт.

2.3. Уюмдарды Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштама жалпы негизде жүргүзүлөт.

2.4. Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө өтүнмѳлѳр Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин тескөөчү орун басарлары менен макулдашуу боюнча алардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан демилгелениши мүмкүн.

2.5. Сыйлануучу адам жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүгө жол берген, ошондой эле Ардак грамота менен сыйлоого негизсиз сунуштамаларды киргизген жетекчилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2.6. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштамада өмүр баянын, эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды, Ардак грамота менен сыйлоого негиз болгон жеке жетишкендиктерин жана сиңирген эмгегин милдеттүү түрдө көрсөтүүнү камтууга тийиш.

Сунуштама 2.1 жана 2.2-пункттарда көрсөтүлгөн демилгечилер тарабынан жана төмөнкү тизмектеги документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен киргизилет:

1) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка субъекттердин жамааттары тарабынан Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчү;

2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча сыйлоо барагы;

3) сыйлоого сунушталган талапкерди талкуулоо протоколу;

4) паспорттун көчүрмөсү;

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус же болбосо иштеген жери боюнча тиешелүү бөлүм тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн);

6) сыйлануучунун өзүндө бар мамлекеттик, ведомстволук сыйлыктарынын жана анын сиңирген эмгегин жана жетишкендиктерин тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү;

7) мамлекеттик же муниципалдык кызматчы, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкери болуп саналган талапкерге карата тартиптик жазанын жок экендиги жөнүндө өтүнмѳ берүүчү уюмдун маалым каты;

8) соттолбогондугу жөнүндө маалым кат.

Жарандардын жеке маалыматтары - паспорттун, уюмдардын маалыматтары - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн негизинде толтурулууга тийиш.

Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөн учурда тастыктоочу документти – фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же болбосо фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актдагы жазуулардын көчүрмөсү тиркелет.

Соттолгондугу жоюлбаган адамдар сыйлыкка көрсөтүлө албайт.

Тартиптик жазасы бар кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жазасы алып салынганга чейин сыйлоого көрсөтүүгѳ болбойт.

Тазалоо, оңдоо, документтердин окулбай турган көчүрмөлөрү, документтердин толук эмес пакети менен берилген материалдар каралбайт.

2.7. Ушул Жобонун 2.6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү Ардак грамота менен сыйлоого өтүнмѳ берилген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүн жоготот.

2.8. Ардак грамота менен сыйланууга талапкерлер төмөнкүдөй милдеттүү критерийлерге жооп бериши керек:

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Ардак грамота менен сыйлоого негиз болгон жеке жетишкендиктери жана сиңирген эмгеги болууга тийиш;

- 15 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажынын болушу (көрсөтүлгөн эмгек стажына окуу, интернатура, ординатура, аспирантура мезгили кирбейт);

- жыйынтыгы боюнча 10 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы болуусун эске алуу менен Жогорку Кеңештин Аппаратынын учурдагы иштеп жаткан кызматкерлери үчүн Жогорку Кеңеште 3 жылдан кем эмес иш стажы болушу (көрсөтүлгөн иш стажына окуу, стажировка, ординатура, аспирантура мезгили кирбейт);

- ведомстволук сыйлыктары бар болууга тийиш (Жогорку Кеңештин Аппаратынын учурдагы иштеп жаткан кызматкерлеринен тышкары);

- тартиптик жазалары болбоого тийиш;

- соттолгондугу жоюла элек болбоого тийиш.

2.9. Жогорку Кеңештин Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө киргизилген сунуштаманы Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия) жөнөтөт.

2.10. Комиссиянын Төрагасы Ардак грамота менен сыйлоого карата Жогорку Кеңештин Төрагасынан келип түшкөн материалдарды иштеп чыгуу жана андан ары Комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратына жөнөтөт.

2.11. Сыйлоо материалдары Комиссия тарабынан Комиссия жөнүндө жобого ылайык каралат.

2.12. Комиссия Ардак грамота менен сыйлоого карата келип түшкөн материалдарды карап чыгып, өзүнүн оң же терс чечимин Жогорку Кеңештин Төрагасынын кароосуна киргизет.

2.13. Комиссия бир органдан же региондон Ардак грамота менен сыйлоого сунушталган талапкерлерге квота белгилөөгө укуктуу.

2.14. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоодон баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

- ушул Жобонун 2.6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес тизмегин берүү, тазалоолор, оңдоолор жана окулбай турган документтердин көчүрмөлөрүн берүү, ошондой эле ушул Жобонун 2.7-пунктуна ылайык колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен документтерди берүүсү;

- ушул Жобонун 2.8-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттүү критерийлерге туура келбѳѳсү;

- сыйлоо материалдарында такталбаган маалыматтарды көрсөтүү;

- сыйлыкка сунуштоонун демилгечиси тарабынан сунуштаманы кайра чакыртып алуусу;

- Ардак грамота менен мурда сыйланган адамдын кайтадан Ардак грамота менен сыйланууга көрсөтүлүшү;

- Комиссия баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып эки жыл өткөндөн эрте эмес кайтадан сыйланууга көрсөтүлүшү;

- сыйланууга кѳрсѳтүлгѳн талапкердин каза болушу;

- Төраганын чечими же Комиссиянын коллегиалдуу чечими боюнча башка объективдүү себептер.

 

III. Ардак грамота менен сыйлоо тартиби

3.1. Жогорку Кеңештин Төрагасы Комиссия тарабынан киргизилген Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндөгү документтерди карайт жана тиешелүү чечим кабыл алат.

3.2. Зарыл учурларда Жогорку Кеңештин Төрагасы сыйлык берүү жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.

3.3. Жогорку Кеңештин Төрагасы оң чечим кабыл алганда, сыйлоо жөнүндө тескеме чыгарат жана Ардак грамотанын бланкына кол коет.

3.4. Жогорку Кеңештин Төрагасынын сыйлоо жөнүндө тескемеси жана Ардак грамотанын бланктары Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин жүргүзүүчү тиешелүү бөлүмү тарабынан катталат. Жогорку Кеңештин Төрагасынын Ардак грамотасына койгон колу Жогорку Кеңештин кызыл гербдүү мөөрү басылуу менен бекемделет.

3.5. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө документтер мөөнөтсүз болуп саналат жана сыйлануучунун фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылышы мүмкүн эмес.

Сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты тескеме чыккандан кийин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесине өзгөртүүлөр киргизилбейт.

3.6. Ардак грамота менен кайталап сыйлоо жүргүзүлбөйт.

3.7. Талапкер каза болгондон кийин Ардак грамота берилбейт.

3.8. Ардак грамота менен сыйлоодон баш тартылган учурда кайтадан сыйлоого сунуштоо баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жыл өткөндөн эрте эмес киргизилиши мүмкүн.

3.9. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Комиссиянын оң же терс чечимине даттануулар, арыздар, кайрылуулар жана суроо-талаптар каралбайт.

3.10. Ардак грамота менен сыйлангандыгы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлануучунун иштеген жери боюнча эмгек китепчесине түшүрүлөт.

 

IV. Ардак грамотаны тапшыруу тартиби

4.1. Ардак грамота Жогорку Кеңештин Төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан Жогорку Кеңеште же мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында салтанаттуу кырдаалда сыйлануучунун жеке өзүнө тапшырылат.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан Ардак грамотаны анын тапшырмасы боюнча депутаттар же Жогорку Кеңештин башка кызмат адамдары тапшырышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын чечими боюнча айрым адамдарга Ардак грамота тапшыруу жабык эшик артында жүргүзүлүшү мүмкүн.

4.2. Ардак грамотаны тапшыруунун алдында Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси окулат.

4.3. Ардак грамотаны тапшыруу учурунда сыйлануучуга ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эсепке алуу карточкасы берилет.

Эсепке алуу карточкасы сыйланган адамдын жеке өзү же ыйгарым укуктуу адам тарабынан толтурулат жана колу коюлат.

Каттоо карточкасы толтурулгандан кийин эсепке алуу жана сактоо үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин жүргүзүүчү тиешелүү бөлүмүнө тапшырылат.

4.4. Ардак грамота менен сыйланган адам грамота тапшырыла электе каза болгон учурда, ал анын жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.

 

V. Сыйлангандарды эсепке алуу жана Ардак грамотаны сактоо

5.1. Ардак грамота менен сыйлангандарды каттоо жана эсепке алуу Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин жүргүзүүчү тиешелүү бөлүмү тарабынан аткарылат.

5.2. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө тескемелер Жогорку Кеңештин иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык сакталат.

5.3. Таризделген Ардак грамоталар тапшырылганга чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин жүргүзүүчү тиешелүү бөлүмүндө сакталат.

5.4. Эгерде сыйланган учурдан тартып 3 жылдын ичинде тапшыруу жүргүзүлбөсө, Ардак грамоталар Жогорку Кеңештин архивине сактоого өткөрүлүп берилет.

 

VI. Ардак грамотанын дубликатын берүү тартиби

6.1. Табигый кырсыктын натыйжасында же жоготуунун болтурбай коюга мүмкүнчүлүк болбогон башка жагдайларда жоголгондо, ошондой эле сыйланган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда ката кеткени билингенде, Ардак грамотанын ордуна анын дубликаты Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде сыйланган адамга берилет.

6.2. Дубликаттын берилиши үчүн сыйланган адам Ардак грамотаны жоготкон бардык жагдайларын билдирген же фамилиясында, атында, атасынын атында ката бар экендигин көрсөткөн өзүнүн арызын Комиссиянын төрагасына жөнөтөт. Арызга сыйланган адамдын паспортунун көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.

6.3. Жоготуу жагдайлары же башка факторлор боюнча түшүндүрмөлөр жок болгон учурда, Комиссия Ардак грамотанын дубликатын берүүдөн баш тартууга укуктуу. Баш тартуунун себептерин жойгондон кийин сыйланган адам дубликатты берүү үчүн кайрадан кайрылууга укуктуу.

6.4. Сыйланган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда ката табылган учурда, Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

6.5. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын дубликаты жогорку оң бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар колдонулуп жаткан үлгүдөгү бланкта берилет. Сыйлык берүү жөнүндө чечим кабыл алган Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коюучу орунга Жогорку Кеңештин кызыл гербдүү мөөрү басылат.

Ардак грамотанын дубликатын каттоо сыйлоо жөнүндө чыгарылган тескеменин номерине жана датасына ылайык жүргүзүлөт.

 

VII. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечимди жокко чыгаруунун тартиби

7.1. Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечимди төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарат:

1) сыйлыкка сунуштоо материалдарында анык эмес маалыматтар берилгенде;

2) сыйланган адам Ардак грамотадан жарыялоо менен же жазуу жүзүндө баш тартканда.

7.2. Сыйлыкка сунуштоо материалдарында анык эмес маалыматтардын берилиши Жогорку Кеңештин дарегине анык эмес фактылары көрсөтүлгөн кат жүзүндөгү маалымат келип түшкөн учурда Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиянын чечими менен аныкталат.

7.3. Сыйланган адамдын жалпыга маалымдоо каражаттарында же расмий иш-чараларда Ардак грамотадан баш тартуу жөнүндө ачык жарыялагандыгы баш тартуу деп таанылат.

7.4. Сыйланган адамдын паспортунун көчүрмөсүн милдеттүү түрдө тиркөө менен Жогорку Кеңештин Төрагасына эркин формада берилген жазуу жүзүндөгү жеке арызы сыйлыкты алуудан жазуу жүзүндөгү баш тартуу деп таанылат.

7.5. Сыйланган адамдын Ардак грамотадан баш тартуусун тастыктоо үчүн Аппараттын кадр маселелерин жүргүзүүчү тиешелүү бөлүмү ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча баш тартуу актысын түзөт, ага Ардак грамотадан баш тарткан адам кол коет.

7.6. 30 календардык күндүн ичинде баш тартуу актысына кол коюлбаган учурда, Ардак грамотадан баш тарткан адамдын дарегине анын колтамгасы жок баш тартуу актысынын таризделгендиги жөнүндө кабарлоо менен кат жөнөтүлөт, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып 10 күн өткөндөн кийин бул тууралуу баш тартуу жөнүндөгү актыга белги коюлат.

7.7. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндөгү чечимди жокко чыгаруу тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси чыгарылат.

7.8. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечим жокко чыгарылгандан кийин ал Жогорку Кеңештин Аппаратынын кадр маселелерин жүргүзүүчү тиешелүү бөлүмүнө кайтарылып берилет.

7.9. Ардак грамота аны жокко чыгаруу жөнүндө тескеме чыгарылган учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде сыйланган адам тарабынан кайтарылып берилбесе, сыйлоо жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси чыккандыгы жөнүндө маалымат Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланат.

 

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Тиркеме 3