Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аккредиттөө жөнүндө эреже

13-01-2023
10:00

I. Жалпы жоболор

1.1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары – ЖМК) журналисттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аккредиттөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) иши жөнүндө коомчулукка кеңири, оперативдүү жана объективдүү маалымдоо максатында жүзөгө ашырылат.

1.2. Журналисттерди Жогорку Кеңеште аккредиттөө Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруунун тартиби жөнүндө”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежеге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

1.3. Жогорку Кеңеште анын ишин туруктуу чагылдырган журналисттерди аккредиттөө бир сессиялык  мөөнөт менен жүзөгө ашырылат.

1.4. Чет өлкөлүк, анын ичинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышкан мамлекеттердин журналисттери  Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу аккредиттелинет.

1.5. Жогорку Кеңештин имаратына аккредиттелген журналисттерди киргизүүсүнүн жана чыгаруунун тартиби Административдик имараттын өткөрмө режими жөнүндө Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

 

II. Аккредиттөөнүн түрлөрү

2.1. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн аккредиттөөнүн үч түрү: “Парламенттик кабарчы”, “Парламенттик кабарчы (техникалык персонал)” жана “Бир жолку аккредиттөө” колдонулат.

2.2. Жогорку Кеңеште парламенттик кабарчы катары аккредитациялоо Жогорку Кеңештин ишин туруктуу чагылдырган ЖМКнын журналисттери үчүн бекитилген квоталардын чектеринде ЖМКнын тиешелүү редакциясы тарабынан аккредитөөгө берилген арыздын негизинде жүзөгө ашырылат.

2.3. Журналисттердин саны Жогорку Кеңештин жана анын Комитеттеринин жыйналыштары жана башка иш-чаралары өткөрүлгөн жайларда аларды жайгаштыруунун иш-жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат, буга байланыштуу аккредиттелүүчү журналисттер үчүн квоталар белгиленет.

Квоталарды белгилөөдө ачык-айкындуулук жана адилеттүүлүк принциптери сакталат.

ЖМКлар үчүн белгиленген квоталарга журналисттер, көмөкчү жана техникалык кызматкерлер (операторлор, сүрөтчүлөр ж.б.) кирет.

2.4. Массалык маалымдоо каражаттарынын, журналисттерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аккредиттөө маселесин Комиссия (мындан ары – Комиссия) чечет. Мында аталган маселе төмөнкүдөй критерийлердин негизинде чечилет:

- формасы боюнча ЖМКны мезгилдүү жайылтуу – мезгилдүү басылмаларда, маалыматтык агенттиктерде, радио -, теле-, видео программаларда жана маалыматтарды жайылтуунун башка формаларында;

- нускасы боюнча;

- адистештирилгендиги боюнча (берилген тематикалык багыты);

- жайылтуу (берүү) аймагы боюнча - чет өлкөлүк, республикалык, облустук  жана шаардык.

2.5. Аккредиттелген журналисттерге “Парламенттик кабарчы” жана “Парламенттик кабарчы (техникалык персонал)” деген аккредиттелген ырастама берилет.

2.6. Аудио-видео ЖМКларды тейлеген техникалык персоналга “Парламенттик кабарчы (техникалык персонал)” деген аккредиттелген ырастама берилет, анын техникалык каражаттарын кароо менен үн жазып алуу, тартуу жана жарыктандыруу аппаратуралары аркылуу ага Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө (чыгууга) укук берет.

2.7. Электрондук чиптери бар аккредиттелген ырастамалар журналисттерге кошумча документтерди көрсөтпөй туруп Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө укук берилет.

2.8. Редакциянын комплекстүү тапшырмаларын аткарган, бирок аккредиттелген ырастамалары жок журналисттер үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн өтүнмөсү боюнча бир жолку өткөрмө жазылып берилет. Журналисттер Жогорку Кеңештин имаратына паспорту же редакциялык ырастаманы көрсөткөндөн кийин же Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси же анын орун басары тарабынан берилген өтүнмөгө ылайык өткөрмө бюросу аркылуу киришет.

Аккредиттелген тизмени колдонуу мөөнөтү бир жумушчу күн менен чектелет.

2.9. Аккредиттелген журналист, аккредиттелген ырастаманы жана электрондук чипти жеке өзү алат, бул жөнүндө аккредиттелген документтерди эсепке алуу китебине тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

2.10. Аккредиттелген ырастама же электрондук чип жоголгон, уурдалган, бузулган ж.б. учурларда ЖМКнын жетекчиси бул жөнүндө Жогорку Кеңештин Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнө жазуу жүзүндө беш күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү жана аккредиттелген ырастаманы же электрондук чипти кайра калыбына келтиргенге чейин ЖМКнын жетекчисинин арызы боюнча журналист Жогорку Кеңештин имаратына бир жолку өткөрмөнүн эрежелери боюнча кире алат.

 

III. Аккредиттөөнүн тартиби

3.1. Жогорку Кеңеште ЖМКнын журналисттерин аккредиттөө Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү тарабынан уюштурулат жана ЖМКнын жетекчилигинин арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

3.2. Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы башталганга чейин 30 календардык күндүн ичинде аккредиттөөнүн эрежелери жана өткөрүү мөөнөттөрү, аны узартуу же журналисттерди Жогорку Кеңеште кайрадан аккредиттөө жөнүндө Жогорку Кеңештин расмий веб-порталына тиешелүү жарыяны жайгаштыруу жолу менен маалымдайт. Журналистти аккредиттөөнү узартуу ЖМКнын тиешелүү арызы алынгандан кийин жүзөгө ашырылат. Аккредитөө жөнүндө эреженин өзгөрүшүнө байланыштуу журналисттерди кайрадан аккредитөө  жүзөгө ашырылат. Муну менен катар зарылчылыкка ылайык, сессия аралыгында кошумча аккредиттөө жүргүзүлөт.

3.3. Аккредиттөө kenesh.kg расмий веб-порталындагы атайын тиркеме аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт. Арыз Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисине түп нускасында (сканердик вариантта) берилет, ал жетекчинин кол тамгасы коюлган уюмдун расмий бланкасында жол-жоболоштурулат.

Аккредиттөө арызында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын толук аталышы, анын уюштуруучусу же басып чыгаруучусу, нускасы, чыгаруунун мезгилдүүлүгү, ЖМКнын орун алган жери, жайылтуу региону, почта дареги (анын ичинде индекси), жумушчу телефондордун, факстардын номерлери жана электрондук почтанын дареги;

- маалыматтык агенттиктин, анын уюштуруучусунун толук аталышы, уюмдун орун алган жери, почталык дареги, анын ичинде (индекси), жумушчу телефондордун, факстардын номерлери жана электрондук почтанын дареги;

- аккредиттөөдө журналисттин фамилиясы, аты-жөнү, анын расмий жана туруктуу псевдоними, ээлеген кызмат орду, жумушчу жана уюлдук телефондорунун номерлери.

- түстүү электрондук сүрөт (3x4 см) жана резюме;

- ID паспорттун көчүрмөсү;

- ЖМКнын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө берилген уруксаттын көчүрмөсү;

- басылманын үстүбүздөгү жылдагы акыркы саны (PDF форматындагы басылмалар үчүн) же үстүбүздөгү жылы электрондук маалымат каражаттарында жарыяланган же эфирге чыккан парламенттик темадагы акыркы эки материал (теле жана радиокомпаниялар, маалымат агенттиктери үчүн электрондук шилтемелер түрүндө);

3.4. Берилген талапка жооп бербеген же зарыл документтери жок берилген аккредиттөө үчүн арызы кароого кабыл алынбайт.

3.5. Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү келип түшкөн бардык арыздарды жана ага тиркелген документтерди жалпылап, аларды беш күндүн ичинде Комиссиянын кароосуна жөнөтөт.

3.6. ЖМКнын журналисттерин аккредиттөө жөнүндө чечимди Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн документтер келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде Комиссия кабыл алат.

3.7. Комиссия аккредиттөө үчүн белгиленген мөөнөттөрдө арыз бербеген жана өзүнүн ишинин түрү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин чагылдырбаган, адистештирилген (жарнамалык, сурап билүү, эротикалык ж.б.) басылма болуп саналган ЖМКнын журналисттерин аккредиттөөдөн баш тартууга укуктуу.

 

IV. Аккредиттөөдөн  ажыратуу жана токтотуу

4.1. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Комиссия төмөнкүдөй учурларда журналисти аккредитациялоодон ажыратуу жөнүндө маселени кароого укуктуу:

- журналист тарабынан Жогорку Кеңештин иштиктүү кадыр-баркын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Аппаратынын кызматкерлеринин ар-намысын жана абийирин кемсинткен чындыкка дал келбеген маалыматтар жайылтылганда;

- тиешелүү ЖМКнын журналисти аккредитациялоодон кайра чакыртылганда;

- журналист тарабынан Жогорку Кеңештин иш-чараларынын жүрүшүндө коомдук тартип жана жүрүм-турум ченемдери бир нече жолу бузулганда;

- өзүнүн шалаакылыгы боюнча аккредиттелген ырастамасы бир нече жолу жоготулганда;

- ЖМКнын иши токтотулганда же токтотулуп турганда;

- аккредиттөө учурунан тартып жарым жылдын ичинде Жогорку Кеңештин иши чагылдырылбаганда.

4.2. ЖМКнын журналисттерин аккредиттөөдөн ажыратуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана ушул Эреженин негизинде Комиссия кабыл алат.

4.3. Мурда аккредиттелген бар журналист иштен бошотулган учурда ЖМКнын редакциясы тарабынан беш күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн дарегине тиешелүү кабарлама жөнөтүлүүгө тийиш, андай болбогон учурда көрсөтүлгөн журналистти  аккредиттөө  токтотулат.

4.4. ЖМКнын редакциясы ушул Эреже менен белгиленген тартипте аккредиттөө үчүн мурда берилген аккредиттелген ырастамасы жана электрондук чиби Жогорку Кеңешке кайтарылып берилгенден кийин өзүнүн башка кызматкерин бош орунга сунуштоого укуктуу.

4.5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин
9-кызматынын (мындан ары - Кыргыз Республикасынын МУККсынын) кызматкерлери журналисттерден аккредитацияланган ырастаманы жана электрондук чипти аларды колдонуу мөөнөтү аяктаган же аккредиттөөдөн ажыратылган учурларда алып коюуга укуктуу.

4.6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясы аяктагандан кийин журналисттердин аккредиттелген ырастамаларынын жана электрондук чиптеринин колдонулушу токтотулат.

4.7. Аккредиттелген ырастаманы жана электрондук чипти колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин журналист аларды Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү өткөрүп берүүгө милдеттүү, ал эми ЖМКнын редакциясынын жетекчилиги Жогорку Кеңештин жаңы сессиясы башталганга чейин 15 күндөн кечиктирбестен аккредиттөө жана аккредиттелген ырастамаларды колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен жазуу жүзүндө кайрылууга тийиш.

4.8. Аккредиттелген журналисттердин Жогорку Кеңештин имаратында жана жыйындар залынын балконунда жүрүүсүнө Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү жоопкерчиликтүү болот.

 

V. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредиттелген журналисттеринин укуктары жана милдеттери

5.1. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эреже жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктарына ылайык, Жогорку Кеңеште аккредиттелген  журналисттер төмөнкүлөргө укуктуу:

а) Жогорку Кеңеш, анын комитеттери, фракциялары, комиссиялары жана депутаттары тарабынан өткөрүлүүчү жыйналыштардын жана башка иш-чаралардын күнү, убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө алдын ала маалымат алууга;

б) Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын ачык жыйналыштарына жана башка иш-чараларына катышууга;

в) Жогорку Кеңештин иши жөнүндө маалыматтык жана сурап-билүү материалдары менен таанышууга;

г) аудио - жана видеожазууларды, кино – жана фото тартып алууларды өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык аппаратураларды колдонууга;

д) жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн атайын арналган жолугушууларда, брифинктерде, басма сөз- конференцияларда жана башка иш-чараларда болууга;

е) Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринен зарыл болгон, анын ичинде атайын уюштурулган брифинктерден, жолугушуулардан жана басма сөз конференцияларынан маалыматтарды алууга;

ж) Жогорку Кеңештин Төрагасы жана анын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилиги менен кошумча маалыматтарды (комментарийлерди, түшүндүрмөлөрдү) алуу үчүн жолугушууларды, аңгемелешүүлөрдү уюштурууда Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнө көмөктөшүүгө;

з) Жогорку Кеңештин жыйындарын трансляциялоо материалдарын пайдаланууга.

5.2. Жогорку Кеңешке аккредиттелген журналисттер төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, административдик имаратка өткөрмө режими жөнүндө Жобонун жана ушул Эреженин талаптарын сактоого;

б) даярдалып жаткан материалдардын жана кабарлардын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңештин иши жөнүндө объективдүү жана ар тараптуу маалымат берүүгө;

в) инсандын укуктарын жана эркиндигин, ар-намысын жана абийирин урматтоого;

г) Жогорку Кеңештин иштиктүү беделин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Аппараттын, Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин ар-намысын жана абийирин кемсинткен чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого;

д) иш-чара өткөрүлгөн жерге ылайык келген жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин сактоого;

е) өздөрү катышкан иш-чаралардын жүрүшүнө (эгерде иш-чара ЖМК үчүн атайын уюштурулбаса) кийлигишпөөгө;

ж) конкреттүү иш-чара үчүн аныкталган эрежелерди сактоого;

з) иш-чаранын расмий мүнөзүнө ылайык келген кийим-кечек менен иш-чарага келүүгө;

и) Жогорку Кеңештин депутаттары жана Аппараттын кызматкерлери менен жеке жолугушууларды жана аңгемелешүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү тартибин сактоого;

к) Жогорку Кеңештин имаратында болгон мезгилде аккредиттелген ырастаманы алып жүрүүгө;

л) Жогорку Кеңештин имаратына кирүүдө жана андан чыгууда, ошондой эле кесиптик ишин жүзөгө ашырууда аккредиттелген  ырастаманы талап боюнча көрсөтүүгө.

 

VI. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредиттелген журналисттери үчүн квоталар

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары журналисттерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аккредиттөө төмөнкүдөй квоталардын чектеринде арыз бериши мүмкүн:

- мезгилдүү басылмалар, радио компаниялар (радио программалары) – үч адамга чейин;

- маалымат агенттиктери, интернеттик жалпыга маалымдоо каражаттары – төрт адамга чейин;

- теле компаниялардын (теле программалары) – курамы үч адамдан турган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кабарчыларды жана операторду камтыган экиге чейин тартып алуу топторунун чегинде;

- чет өлкөлүк маалыматтык агенттиктердин, радио компаниялардын жана мезгилдүү басылмалардын өкүлчүлүктөрүнүн чегинде– эки адамга чейин;

- чет өлкөлүк теле компаниялардын өкүлчүлүктөрүнүн чегинде – кабарчынын жана оператордун курамында эки тартып алуу топторуна чейин, жыйынтыгында – төрт адамга чейин.

 

VII. Корутунду жобо

7.1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан бекитилет.