Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Об экологическом, ирригационном и состоянии пастбищных земель Ала-Букинского района Жалал-Абадской области

29-05-2023
17:13

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин

2023-жылдын 16-майындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу маселени карап жана талкуулап, төмөнкүдөй чечимге келет:

 

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Ж. Тумановдун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары М. С. Раматовдун маалыматтары эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын казган ишканалардын ишмердүүлүгүн карап чыксын;

«Фулл Голд Майнинг» ЖЧКнын ишмердүүлүгүн карап чыгуу боюнча тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте 2023-жылдын 5-июнуна чейин комиссия түзүлсүн жана улутташтыруу маселесин карап чыксын;

«Фулл Голд Майнинг» ЖЧКга 117-бузуулары боюнча тиешелүү айыптар салынсын;

алтын казган ишканалардын иштеткен жерлеринин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча көзөмөлгө алынсын;

чачма алтынкендерге 3-жылдык мораторий киргизүү маселеси каралсын;

таштандыларды кайра иштетүү маселесин карап чыксын;

фосфорит боюнча маселе көзөмөлгө алынсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:

дыйкандарды өз убагында сугат суу менен камсыз кылуу боюнча ички-чарбалык «Фрунзе», «Испаран-Сай», «Өрүктүү», «Кош-Терек», «Падек» жана «Фрунзе-1» каналдарына капиталдык оңдоо иш чараларына тиешелүү каржы булактары чечилсин;

жаӊы жерлерди өздөштүрүүгө багытталган «Көк-Таш» айыл өкмөтүнө караштуу насостук станция куруунун долбоору өз убагында бүтүрүүсүн камсыз кылынсын;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району боюнча бардык чарбалар аралык, ички каналдарды механикалык тазалоо, оӊдоо иштери аягына чыгарылсын;

«Чанач-Сай» суу сактагычынын 2-этабы боюнча курулуш маселелери каралып чыксын;

жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча «Өрүктүү», «1-Май» жана «Ак-Коргон» айыл өкмөттөрүнө караштуу долборлоо-изилдөө жана аткаруу жумуштары өз убагында бүтүрүү камсыз кылынсын;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун айылдарынын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин карап чыксын;

жер трансформациялоо жана кадастр маселелери боюнча документациялоо жеӊилдетилсин;

жайыт жерлерин туура башкаруу маселесин карап чыксын.

 

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ички автожолдору оӊдоо иштерин карап чыксын;

«Ала-Бука – Касансай» автожолун оӊдоо маселеси аягына чейин чыгарылсын жана каржы булактары аныкталсын;

«Ала-Бука – Ак-Там» автожолун оӊдоо боюнча титулдук баракчасына киргизилсин;

жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде, «Көк-Серек» айыл өкмөтүндө ички жолдорду асфальттоо боюнча сапатсыз жумуш алып барган «Жагалмай» ЖЧКсын кара тизмеге киргизүү боюнча маселени карап чыксын.

 

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунунда райондор аралык оорукана куруу маселесин карап чыксын;

Ак-Коргон айыл өкмөтүндөгү №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында «Гемодиализ» борборун ачуу боюнча маселесин карап чыксын;

жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде «1-Май» айыл өкмөтүндөгү №12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси «Исмаилова Адилет» аттуу дарыгерди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө маселени карап чыгуу;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунуна «педиатр», «кардиолог», «травматолог» жана «балдар тиш доктур» адистиктери боюнча кадр маселесин карап чыксын;

жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл-өкмөтүндө жайгашкан №21 «Айчүрөк Балтагулова» атындагы кесиптик лицейинин жана Шекафтар шаарчасында жайгашкан орто мектептеринин директорлорунун ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө маселени карап чыксын.

 

6. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат 2023-жылдын 1-сентябрына чейин комитетке берилсин.

 

7. Комитеттин аталган чечими Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлсүн.

 

8. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрү боюнча комитетине жүктөлсүн.