Размер шрифта:
А-
А
А+
Цвета:
А
А
А
Изображения:
Не показать
Обычная версия

Об экологическом, ирригационном и состоянии пастбищных земель Чаткальского района Жалал-Абадской области

29-05-2023
17:10

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин

2023-жылдын 15-майындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу маселени карап жана талкуулап, төмөнкүдөй чечимге келет:

 

1. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун экологиялык, ирригациялык жана жайыт жерлеринин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Ж. Тумановдун жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары М. С. Раматовдун маалыматтары эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

«Чаарат ЗААВ» ЖАО, «Кичи-Чаарат» ЖАО, «Вертекс Голд Компани» ЖЧК, «Мурас Синтез» ЖЧК ишмердүүлүгүн жана мыйзамдуулугун карап чыксын;

алтын казган ишканалардын иштеткен жерлеринин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча көзөмөлгө алынсын;

чачма алтынкендерге 3-жылдык мораторий киргизүү маселеси каралсын;

«Беш-Арал», «Найза-Сай» жаратылыш коруктары боюнча тиешелүү түшүндүрмө иштерди жүргүзсүн;

«Ювентус» ЖЧКнын ишмердүүлүгүн жана лицензиясын кайта чакыртып алуу маселелерин карап чыксын;

«Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКнын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча маселесин карап чыксын;

Терек-Сай шаарчасындагы жергиликтүү тургундарынын «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКда 523-жумушчаларын канчасы жергиликтүү тургундар жана башка райондордун тургундардын иштеп жаткандыгы боюнча маалымат берсин;

Терек-Сай шаарчасында «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧК аркылуу жаӊы мектеп курууга жер маселесин аныктоо боюнча карап чыксын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:

дыйкандарды өз убагында сугат суу менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзсүн;

жаӊы жерлерди өздөштүрүүгө багытталган суу чарба объектилерин куруунун долбоорлоо-изилдөө жумуштарын өз убагында бүткөрүү камсыз кылынсын;

Жалал-Абад облусунун Чаткал району боюнча бардык чарбалар аралык, ички каналдарды механикалык тазалоо, оӊдоо иштери аягына чыгарылсын;

Чаткал дарыясында суу сактагыч жана гидро электр станция куруу маселелерин карап чыксын;

Ак-Таш, Курулуш, Жаӊы-Базар, Каныш-Кыя, Терек-Сай айылдарынын ичүүчү суу маселелерин карап чыксын;

жайыт жерлерин туура башкаруу маселесин карап чыксын.

 

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

«Ала-Бука – Чаткал – Кара-Буура» автожолун оӊдоо маселеси аягына чейин чыгарылсын;

«Чапчыма» ашуу автожолун оӊдоо маселесин карап чыксын;

жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде, «Кызыл-Токой» айыл өкмөтүндө ички жолдорду асфальттоо боюнча сапатсыз жумуш алып барган «Жагалмай» ЖЧКсын кара тизмеге киргизүү боюнча маселени карап чыксын;

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна автожолун тазалоо үчүн атайын техника бөлүнсүн.

 

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Шекафтар айылына 20-орунду оорукана менен камсыз кылуу маселеси каралсын;

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылына 80-орунду тез жардам бөлүмү менен камсыз кылуу маселеси каралсын;

медицина тармагы боюнча кадр маселесин карап чыксын.

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

акыркы 3-жылдагы жергиликтүү фонддорго социалдык жардам (пакет), акча-каражаттарын жана токой жоготуу (лесопотеря), айыл-чарба жоготуудан (сельхозпотеря) түшкөн акча-каражаттарын туура пайдалануу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп чыксын.

 

7. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат 2023-жылдын 1-сентябрына чейин комитетке берилсин.

 

8. Комитеттин аталган чечими Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлсүн.

 

9. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрү боюнча комитетине жүктөлсүн.