Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 10-октябрындагы жыйналышынын өтүшү боюнча маалымат
Убактысы: саат 10-00
Өткөрүлүүчү жери: Жогорку Кеңештин Чыгыш залы (1-кабат)
№ |
Маселелер |
Демилгечи |
Баяндамачылар |
Эскертме |
1 |
«Республика боюнча кен казган ишканалардын калдыктарды сактоочу жайлардын (хвостохранилищалардын) экологиялык абалы тууралуу»
|
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кыдыкбаев Ж.С |
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Д.А. КР Өзгөчө кырдаалдар Министринин биринчи орун басары Мамбетов А.М. |
Тийиштүү чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине аткарууга жөнөтүлдү
|
2. |
«Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (17.05.2022-ж. чыг. №18-11324/22) |
КР Айыл чарба министринин орун басары Байдылдаев М.К |
Мыйзам долбоору 2 окууда жактырылды КР ЖК жалпы жыйынынын кароосуна чыгаруу үчүн КР ЖК аппаратынын жалпы бөлүмүнө тапшырылды
|
3 |
«Кыргыз Республикасында асыл-тукум чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 582-токтомунун аткарылышы жөнүндө асыл-тукум чарбаларынын жетекчилеринин кайрылуусу тууралуу |
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети |
КР Айыл чарба министринин орун басары Байдылдаев М.К. КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фондунун төрагасы Торомаматов Ж.К. |
Чечим кабыл алынып, КР тийиштүү министрликтерине жөнөтүлдү
|