«Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3108-VI токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы
ЧЕЧИМИ
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, «Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3108-VI токтомунун аткарылышынын маалыматтарын карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кылат:
1. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы эске алынсын;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2019-жылдын 12-июнундагы №3108-VI токтому көзөмөлдөн алынсын.
3. Ушул чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет