«Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 16-февралындагы №67-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы
ЧЕЧИМИ
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, «Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 16-февралындагы №67-VII токтомунун аткарылышынын маалыматтарын карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кылат:
1. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы эске алынсын;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 16-февралындагы №67-VII токтомунун аткаруу мөөнөтү 2023-жылдын 10-февралына чейин узартылсын.
3. Ушул чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет