1980-жылы 5-апрелде туулган.
2003-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган;
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын (магистратура) бүтүргөн;
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган;
2014-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн;
Мамлекеттик-жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
2001-жылы Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси;
2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучусу;
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти;
2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин Аппаратынын Социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты;
2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы;
2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт;
2021-жылдын октябрынан декабрына чейин “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.