1972-жылы 13-ноябрда туулган.
1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинде башкы адис болуп иштөө менен баштап, 2000-жылы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Экология жана жаратылышты пайдалануу департаментинде жетектөөчү адис кызматында эмгектенген.
2005-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө жана Регламент жана этика боюнча комиссияда консультант, андан соң улук консультант болуп иштеген.
2008-2012-жылдары Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө улук консультант кызматын аркалаган.
2012-2015-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти, 2015-2022-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп кызмат кылган.
2022-жылдын март айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп иштеген.
2022-жылдын 19-октябрынан тартып Жогорку Кеңештин Аппаратынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.