Бүгүн, 18-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, Надира Нарматова, Айгүл Айдарова, Таалайбек Сарбашев, Ырысбек Атажанов, Данияр Төлөнов, Алишер Козуев жана Нурбек Алимбеков парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында келген Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев бир мандаттуу Жалал-Абад шайлоо округунан тандалып келген эл өкүлү катары шаардык кеңештин депутаттары менен тыгыз байланышта экендигин айтып, аймактагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Депутат Надира Нарматова жолугушуунун катышуучуларына депутаттык ишмердүүлүгү боюнча маалымдап, алар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерге колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын иши менен тыгыз байланышта экендигин айтып, эл тагдырын чечүүдөгү жигердүү иштерине ийгиликтерди каалады. Ал эми депутат Таалайбек Сарбашев соңку жылдары Жалал-Абад шаарындагы өзгөрүүлөргө шаардык кеңештин депутаттарынын да салымы бардыгын айтып, депутаттарды бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөлүк милдетти так аткарууга чакырды.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк жаратып бергендиги жана 2023-жылы Жалал-Абад шаарында аткарылган долбоорлорду колдоого алгандыгы үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары аймактагы бир катар көйгөйлөрдү айтып, ага Жогорку Кеңештин депутаттары жооп берди. Мындан тышкары, шаардык кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшү менен да таанышты.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чарасы депутат Шаирбек Ташиевдин демилгеси менен уюштурулду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү