Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы «Жеңиш» монументине гүлчамбар койду

04-10-2023
17:47

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Беларусь Республикасындагы расмий иш сапары Минск шаарындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбар коюу менен башталды.

Тагыраагы, Төрага Нурланбек Шакиев эки мамлекеттин гимндеринин коштоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, таазим этти. 

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү