Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Алишер Козуев: "Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 млн долларга Отуз-Адыр каналы калыбына келтирилет"

09-06-2023
11:54

Депутат Алишер Козуев бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосунун биргелешкен долбоорунун алкагында эфирге чыккан “Эл өкүлү” уктуруусуна катышты.

Программанын жүрүшүндө депутат Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Кыргызстан-Түркия парламенттер аралык кызматташтыгы боюнча да айтып берди. Ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерге кайрылган Алишер Козуев Кара-Суу районундагы ортодо калып калган Барак айылынын тургундары тарткан жол азабы, чек арадан өтүүдөгү түйшүгү тууралуу кеп кылды. "Жакында коңшу Өзбекстан Республикасынын жетекчилиги менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө ылайык, чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу аракети көрүлүүдө", - деди депутат. 

Ошондой эле Отуз-Адыр каналынын учурдагы абалына токтолгон эл өкүлү, аталган ирригациялык система Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн 8 айыл өкмөтүнө кызмат кылаарын белгиледи. 1945-жылы башталып, курулушу 1949-жылы аяктаган аталган суу каналынын узундугу 52 чакырымды түзөт. Анын айрым бөлүгү жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар аркылуу бүткөрүлгөн. Бирок, азыр толук реконструкциялоо иштерине муктаж болуп отурат. Себеби, кезинде аталган каналга 30 кубометр суу сыйып келген болсо, азыр ага болгону 15 кубометр гана суу араң батат. 2022-жылы Дүйнөлүк Банк менен жетишилген келишимге ылайык 30 млн доллар бөлүнүүдө. Ал каражатка 2026-жылга чейин Отуз-Адыр каналын калыбына келтирүү жумуштары аткарылат. Бул дыйкандарды көйгөйдөн арылтып, суунун коромжуга учурашына бөгөт коюлат. 

Ошондой эле депутат угармандардын саламаттык сактоо, кен байлыктарды иштетүү, инвестиция тартуу, региондордун өнүктүрүү фонддоруна жана суу системасына, стратегиялык трассалар менен жөө жүрүүчүлөр басчу жолдорго, мектеп курулуштарына тиешелүү суроолоруна жооп берди. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү