Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин делегациясы ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын IX жыйынына катышты

23-04-2022
12:10

21-22-апрель күндөрү Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Катчылыгы биргелешип уюштурган ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын IX жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы катышты.

Алгач 21-апрелде ТүркПАнын Социалдык-маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун жетекчилиги менен "Калктын социалдык жактан аярлуу катмарын ишкердикке шыктандыруу: реалдуулук жана перспективалар" деген аталышта семинар өткөрүлдү. Семинарда Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан тажрыйбалар жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы Мария Исанова баяндама жасады.

Экинчи жумушчу жыйында Комиссиянын алкагында даярдалган “Социалдык ишкердик жөнүндө” мыйзамдын моделдик долбоору талкууланды. Катышуучулар моделдик мыйзам долбооруна, ошондой эле ТүркПАнын регламентине моделдик мыйзамдарды кароого байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ой бөлүштү. Аталган долбоорго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунуштары жана пикирлери Жогорку Кеңештин Төрагасынын укук маселелери боюнча кеңешчиси Бакытбек Мажитов тарабынан даярдалып, тааныштырылды.

Ал эми 22-апрелде ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын IX жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында күн тартиби аныкталып, отчеттордун долбоорлору жана комиссиянын сунуштары боюнча баяндамалар жасалды. Муну менен катар 2023-2028-жылдарга боло турган комиссиялардын, семинарлардын тематикасы жана моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды. Алар ушул жылдын 23-24-июнунда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтө турган ТүркПАнын 11-пленардык сессиясында бекитүүгө сунушталат. Талкуу маалында документтер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн пикирлери айтылып, сунуштары эске алынды.

Иш-чаралардын алкагында Азербайжан Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Туруктуу жана ыкчам социалдык камсыздоо агенттигинин борборуна таанышуу сапары уюштурулду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясынын курамына депутаттар: ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Айбек Осмонов, комиссиянын мүчөсү Улан Бакасов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын укук маселелери боюнча кеңешчиси Бакытбек Мажитов жана Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы Мария Исанова кирген.

Маалымат үчүн: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы 2008-жылы түзүлгөн. Ассамблеянын толук кандуу мүчөлөрү Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин парламенттери эсептелет.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү