Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Чолпон-Ата шаарында ТүркПА Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот

24-06-2022
11:48

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот.

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышат.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү