Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага М. Шентоп баштаган Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясы жана Төрайым Т. Нарбаева баштаган Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын делегациясы Кыргызстанга келди

23-06-2022
14:47

Төрага Мустафа Шентоп баштаган Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясы жана Төрайым Танзила Нарбаева баштаган Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын делегациясы Кыргызстанга келди.

Меймандарды "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп алды.

Алсак, буга чейин Казакстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын парламенттик делегациялары келген.

Белгилей кетсек, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму өтөт. Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин парламенттери мүчөлүк кылган ассамблеянын кезектеги отурумунда ТүркПАнын атын өзгөртүү өңдүү бир катар маанилүү маселелер каралат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү