Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ТүркПА Кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Мажилисинин Төрагасы Е. Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын Төрайымы С. Гафарова баштаган парламенттик делегациялары келишти

23-06-2022
14:40

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын Төрайымы Сахиба Гафарова баштаган парламенттик делегациялары келишти.

Улуу даражалуу меймандарды "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп алды.

Мындан тышкары, бүгүн ТүркПАга мүчө мамлекеттердин жана башка боордош өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары да келээри күтүлүүдө.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанга келген парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал эми ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана 11-пленардык жыйыны өз ишин эртең, 24-июнда баштайт.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү