Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын XI пленардык отуруму өтүүдө

24-06-2022
17:28

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы менен өтүп жаткан иш-чарага Азербайжан Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Сенатынын Олий Мажлисинин Төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев, Венгриянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак катышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши Түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө маанилүү болгон маселелер боюнча кызматташтыкты улантарын белгиледи.

Муну менен катар Чыгыш-Батыш – Түндүк-Түштүк соода багыттарын бириктирген, аймактык жана ааламдык экономикалык туруктуулукка көмөк көрсөтүүчү “Түрк дүйнөсүнүн көрүүсү – 2040” аталган концептуалдык документи тууралуу сөз кылган Талант Мамытов бул жааттагы алаканы мындан ары да арттыруу зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле даярдалып жаткан Түрк инвестициялык фонду экономикалык байланыштар үчүн натыйжалуу курал болуп каларын белгилеп: "Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин, уюмдарынын жоктугун эске алуу менен аталган финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз" ,- деди Төрага.

Андан тышкары, парламенттик дипломатияда парламенттик ассамблеялардын ролу чоң экенин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы: "Ааламдашуу процесстери парламенттердин алдына жаңы милдеттерди коюп жатат. Андыктан парламентаризмдин ролунун өсүшү дүйнөлүк өнүгүүнүн объективдүү жана табигый натыйжасы болуп саналат. Айрыкча парламенттик дипломатия, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы ишенимди чыңдоого жардам берүү менен эл аралык турукташууга, интеграциялык процесстерди бекемдөөгө олуттуу салым кошот", - деп кошумчалады.

Андан соң жыйынга катышып жаткан боордош мамлекеттердин парламенттеринин башчылары баяндама жасап, түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттырууда парламенттердин ролу жогору экенине токтолушту. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин ар кыл тармактар боюнча биргелешкен уюмдарынын жана башка парламенттер аралык бирикмелердин Башкы катчылары сөз сүйлөштү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү