1968-жылдын 26-мартында Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында төрөлгөн;
1986-жылы Телман айылындагы орто мектепти бүтүргөн;
1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында Афганистан Демократиялык Республикасында кызмат кылган;
1988-1993-жылдары Кыргыз Улуттук Университетин окуп, ийгиликтүү аяктаган. Адистиги – чарбалык ишти эсепке алуу, контролдоо жана талдоо адиси.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1993-жылы Кара-Суу райондук керек-жарак коомунун товароведи;
1996-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Бажы кызматында эмгектенген;
04.2022-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын полковниги.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Ардак грамотасы;
“Бажы органдарында кызмат өтөгөндүгү үчүн” III-даражадагы медалы;
“Бажы органдарында кызмат өтөгөндүгү үчүн” II-даражадагы медалы;
“Бажы органдарында кызмат өтөгөндүгү үчүн” I-даражадагы медалы;
«Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын отличниги».