1977-жылы 27-октябрьда Бишкек шаарында туулган
Билими: жогорку
1998-ж. - Кыргызстан Эл аралык Университети, “Эл аралык мамилелер” адистиги
2001-ж. - Кыргызстан Эл аралык Университети, “Юриспруденция” адистигинин магистри
2017-ж. – Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, аспирантура
Эмгек ишмердүүлүгү:
1998-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КМШ Башкы дирекциясы, атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи катчы;
2005-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилиги, биринчи катчы; Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин Көп тараптуу кызматташуу департаменти, башчы;
2008–2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги, кеңешчи;
01.2011-04.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, эксперт;
04.2011-12.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, жетекчинин орун басары;
2012–2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмү, башчы;
04.2016-10.2018-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
2018-жылдын 17-октябры – 2020-жылдын 14-октябры - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
2021-ж. декабрь айы - "Альянс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2022-ж. февраль айы - ТӨМдөрдү ишке ашыруу боюнча Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун төрагасы (30 депутат)
2022-ж. март айы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо коопсуздук жана миграция боюнча Комитеттин төрагасы;
Дипломатиялык ранг: "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси"
Класстык чени: Мамлекеттик кызмат боюнча 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи;
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы