1970-жылы Фрунзе шаарында туулган;
Билими жогорку. 1989–жылы Фрунзе атындагы совхоз- техникумунун “зоотехник” адистиги боюнча бөлүмү, 1998-жылы Түркиядагы Эге университетин, “айыл чарба” факультетин, 2004-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн;
Эмгек жолун 1989-жылы Панфилов районунда совхоз “Тельман”да жумушчу катары баштаган;
2000-2011-жылдары "Дискавери" туристтик жана логистикалык компаниясынын негиздөөчүсү, башкы директору;
2011-2012-жылдары "Атриум холдинг" компаниянын башкы директорунун орун басары.
2013-2021-жылдары «Анилия» ЖЧКсынын башкы директору.
2019-жылдан баштап 2021-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз-Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын форумунун төрагасы, 2019-жылдан баштап 2021-жылдын декабрь айына чейин Түрк Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун мүчөсү, андан сырткары, 2019-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын “Эр эңиш” федерациясынын Президенти.
2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланды.
2022-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайланды
Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.