Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 5-июнь 2017 –жыл, саат 10-00 1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

01-06-2017 17:44

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

 

            1.2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколду, 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүү жана анын колдонулушун контролдоо тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколду жана 2016-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында кол коюлган, протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  16 майындагы  №283 токтому).

            Баяндамачы:

Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

            2. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С. Бокоев тарабынан демилгеленип киргизилип жатат.

            Банядамачы:

            Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

              3. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы №744 токтому). Үчүнчү окууда.

            Баяндамачы:

            Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен улуттар уюму ортосундагы эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мамлекеттик мүлктү башкарууда жүргүзүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматы.

            Казаков Болсунбек Кумушбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун төрагасы.

 

            6. Ар кандай маселелер.

 

               

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Т.Тиллаев