Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жаӊы депутаты Музаффар Исаков парламентте салтанаттуу ант берди

16-06-2016 09:56

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болуп келген Исаков Музаффар Ахмадхожаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Музаффар Исаковду салтанаттуу ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Депутат Музаффар Исаков депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтоткон Ашэра Халикованын ордуна келди. Ал 1982-жылы Жала-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылында туулган. Жогорку билимдүү. Мектептин директору, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, депутат парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы