Парламенттин иштөө жол-жобосун өркүндөтүү максатында Жогорку Кеңештин Регламентине түзөтүүлөр киргизилүүдө

15-06-2016 17:55

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Бабанов Ө.Т., Рыспаев К.Ж., Бекешев Д.Д., Асылбаева Г.К., Баатырбеков А.Б., Зулпукаров Т.З., Примов У.Б., Өмүркулов И.Ш., Зулушев К.Т., Артыкбаев О.М., Туманбаева Р.М.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Галина Скрипкина баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун концепциясы Жогорку Кеңештин Регламентинин айрым ченемдерин иш жүзүндө болуп практикага ылайык келтирүүгө, калыптанган практиканы эске алуу менен парламенттин иштөө жол-жобосун өркүндөтүүгө, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып жаткан мыйзамдардын жана чечимдердин сапатын жогорулатууга жана башкаларга багытталган.

Долбоордо Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларынын түзүлүшү, мыйзам долбоорун каттоо, Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басарларын шайлоо, мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жалпы талаптары, "Өкмөттүк саатты" жана "өкмөттүк күндү" даярдоо жана өткөрүү мөөнөттөрү сындуу маселелерге түзөтүүлөр каралган.

Талкууда бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин Регламенти түзөтүүлөргө муктаж экенин белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого алуу менен сунуш-пикирлерин ортого салышты. Эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда каралганга чейин тармактык комитетте эске алынмай болду.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы