Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 22-май 2017 - жыл, саат 10-00 1-кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

18-05-2017 15:20

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

22-май 2017 - жыл, саат 10-00                                                                1-кабат, Батыш залы.

 

 КҮН ТАРТИБИ

 

            1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж. Рыспаев демилгелеген “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Бандамачы:

            Рыспаев Кожобек Джайчиевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            2.«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

            Баяндамачы:

            Салянова Аида Женишбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

            3."Бишкек шаарында 2017-жылдын 28-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга беруу" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы №263 токтому).

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            4.Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын Үчүнчү фазасын даярдоо (CARs-3) үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү Трасттык фондунун алкагында берилүүчү грант жөнүндөгү макулдашуу-каттын долбоору.

            Баяндамачы:

            Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

 

            5. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Т.Тиллаев