Дүйнөлүк банк Сот департаментине 490 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт

15-06-2016 17:00

Жогорку Кеӊеште Дүйнөлүк банк Сот департаментине грант түрүндө 490 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлө турганы белгилүү болду. Каражат толугу менен сот турумунун ишин жакшыртуу багытында жумшалмакчы.

Андан сырткары, каржы министри Адылбек Касымалиев Балыкчы – Корумду автодолунун курулушуна дагы кошумча 500 млн сом көлөмүндө каражат табылганын билдирди. Ал өлкөнүн сот тармагын өнүктүрүү багытында келечекте 12 млн сом көлөмүндө каражат тартуу чаралары көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы