Лицензия берүү иши либералдаштыруу аркылуу кайрадан ыраатташтырылууда

15-06-2016 16:56

Жогорку Кеӊеште лицензиялоо ишин либералдаштыруу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдарга айрым түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Азыркы учурда өлкөдө 98 лицензия жана уруксат берүү колдонулууда. Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоору менен иштердин 12 түрү алып салынып, 6 иштин түрү киргизилүүдө. Ошентип, жалпысынан лицензиялана турган 92 иштин түрү калууда. Жаңы экономикалык шарттарды эске алганда, лицензиялануучу иштердин айрым түрлөрүн алып салуу зарылдыгы пайда болду. Мындай кадам административдик тоскоолдуктарды азайтууга алып келип, ишкердиктин өнүгүшүнө жаңы дем берет.

Курулуш чөйрөсүндөгү инвестициялык климатты жана ишкердик иштердин шарттарын жакшыртуу, обьекттерди долбоорлоо жана куруу мөөнөтүн кыскартуу, ошондой эле уруксаат берүүчү документтерди берүү жүрүмүн оптималдаштыруу максатында, обьекттерди параллелдүү долбоорлоо жана курулушка уруксат берүү сунушталууда. Мындай кадам курулуш тармагындагы көптөгөн курч көйгөйлөрдү чечилишине түрткүн берет.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоору боюнча парламенттик жана коомдук угууларды өткөрүү зарылдыгын билдирди. Депутат Аида Салянованын пикиринде, мыйзам долбоору тармактык комитеттерде каралганда, кызыкдар тараптар аралашкандыктан, курулушту туташ (параллель) долбоорлоо усулунда талаштуу маселелер бар. Азыртан алардын башын ачып алуу зарыл.

Бул сунушту тармактык комитеттин төрагасы Марат Аманкулов да колдоду. Депутат Асылбек Жээнбеков ири курулуштар үчүн пайдалуу экенин, ал эми чакан курулуштар үчүн тобокелчилик жарата турганын белгиледи. Депутат Кожобек Рыспаев ага азыркыга чейин ТЭОсу жок Бишкек ТЭЦи менен “Жунда” мунай иштетүү ишканасынын тагдырын мисал келтирди.

Айрым депутаттар туташ долбоорлоо усулун колдоду. Депутат Азамат Арапбаев мындай чаралар курулушчуларды көптөгөн ашыкча убаракерчиликтен кутултуп, курулуштун тездешине, курулуш бизнесинин өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк бере турганын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы