Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму КҮН ТАРТИБИ 3-апрель 2017 –жыл, саат 10-00 1–кабат, Батыш залы.

30-03-2017 17:19

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

КҮН    ТАРТИБИ

                                                                             3-апрель  2017 –жыл, саат 10-00                                                                                                    1 –кабат, Батыш залы.

 

            1.«Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №128 токтому).

            Баяндамачы:

            Муканбетов Санжар Турдукожоевич –Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

            2.«220 кВ Тамга-Каракол жогорку чыңалуудагы линиясын куруу» долбоору үчүн техникалык экономикалык негиздемесин даярдоону ишке ашырууга 325 миң кувейт динар өлчөмүндөгү грантын кабыл алууну ырастоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы алмашуу катынын долбоору.Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович –Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            3.Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы макулдашуу-каттын долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович –Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            4.Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун даярдоо фондунан  каражаттарды бөлүп берүү  тууралуу. Макулдашууга киргизилет.

             Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

            5.Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы №744 токтому). Экинчи окууда.

            Баяндамачы:

            Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

           

            6.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А. Шадиев жана У.Б. Примов тарабыннан киргизилип жатат.

            Баяндамачы:

            Примов Улан Бердибаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

        

            7. Ар кандай маселелер.

            Өлкөбүздүн алтын-кең байлык чыккан жерлерин  иштетүүдө  инновациялык технологияларды колдонуу жөнүндө  демилгечи топтун сунуштары тууралуу.

            Власов Николай Михайлович –  “В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧКомдун Башкы директору. 

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Т.Тиллаев