Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 27-февраль 2017 –жыл, саат 10-001 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

22-02-2017 16:41

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

27-февраль 2017 –жыл, саат 10-001 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

1. “2016-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-июлунда кол коюлган “Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу” долбоору боюнча  Кыргыз Республикасы, Ош шаарынын мэриясы, “Ош Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27- январындагы № 47 токтому).

Баяндамачы:            

Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай –коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич -Ош шаарынын мэри.

 

2.  “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы №34 токтому). Баяндамачы:

Ахмедов Уран Тулондиевич – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри.

         3.Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын  транспорт жана жолдор министри.

4.“Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын пайдаланууга киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга  киргизилет.

         Баяндамачы:

Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

            5.Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Евразия экономикалык комиссиясы менен Өнөр жай товарларына карата спецификалык субсидияларды ыктыярдуу макулдашуунун тартиби жөнүндө жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан берилген спецификалык субсидияларга байланышкан Евразия экономикалык коммиссиясынын териштирүүсүн өткөрүү тууралуу макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            6. Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Т.Тиллаев