Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 23 – январь 2017-жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

19-01-2017 15:52

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 23 – январь 2017-жыл,  саат 10-00                                 1- кабат, Батыш залы.

                                                                                             

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы №698 токтому).

            Баяндамачы:

            Абжапаров Тенизбек Жусупбекович – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы.

 

            2.«Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк товардык кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты                 И.Ш. Омуркулов тарабынан демилгеленип киргизилген.

            Баяндамачы:

            Омуркулов Иса Шейшенкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

 

            3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын маалыматы.

Сулайманов Азамат Талапбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы.

 

            4.“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин  кайчы пиккири.

            Баяндамачы:

            Исакунова Таалайкул Базаркуловна – Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

 

            5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Эсептелген төгүмдөр боюнча карыздарды жабуу үчүн төлөмдөрдүн планы жөнүндө Өнөр жайлык өнүгүү боюнча Бириккен улуттар уюму менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоору.  Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

           

            6.Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                  Т.Тиллаев