Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 22-январындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                     саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:            1-кабат, Батыш зал

18-01-2024 14:35

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 2024-жылдын 22-январындагы

жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                     саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:            1-кабат, Батыш зал

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.
№6-14149/23, 10.11.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

         Чакырылгандар: Пирназаров Марат Түгөлбаевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы.

 

2.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-16698/23, 27.12.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы.

Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Бербаев Тимур Омурбекович - «Керемет Банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасы.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-15999/23 15.12.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Чакырылгандар: Баетов Аяз Батыркулович– Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Кутнаева Нурия Асылбековна - Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министри.

        

 

4.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-16795/23, 29.12. 2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Тердикбаев Эрлис Джекшенович - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары.

 

5.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (кир.№6-16736/23, 29.12. 2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Алиев Бахтияр Жеңишбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

         Чакырылган: Жакыпов Манас Жакыпович – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары.

 

6.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору (макулдашууга).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Баетов Аяз БатыркуловичКыргыз Республикасынын юстиция министри.

Чакырылган: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри.

 

7.

Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү жактын (үчүнчү жактардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары.

Чакырылган: Исабеков Самат Сатарович – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу бажы кызматынын төрагасы.

 

 

8.

Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов