Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 15-январындагы жыйналышынын күн тартиби Убактысы:                                     саат 14:00   Өткөрүлүүчү жери:            1-кабат, Батыш зал

11-01-2024 12:18

Долбоор

 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат

боюнча комитетинин 2024-жылдын 15-январындагы

жыйналышынын күн тартиби

 

Убактысы:                                     саат 14:00  

Өткөрүлүүчү жери:            1-кабат, Батыш зал

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
(кир. №6-12940/23, 16.10.2023-ж.) (үчүнчү окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

Чакырылгандар: Кутнаева Нурия Асылбековна – Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министри;

         Пирназаров Марат Түгөлбаевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Асангулов Канат Кубатович- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Умтулов Нурлан Джумалиевич – Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.

 

2.

Кыргыз Републикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-14146/23, 10.11.2023-ж.)
(үчүнчү окууга киргизилет).

 

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Суйналиев Руслан Мырзабекович - Кыргыз Републикасынын финансы министринин биринчи орун басары.

 

3.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.
№6-14149/23, 10.11.2023-ж.) (экинчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри.

         Чакырылган: Пирназаров Марат Түгөлбаевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

4.

Кыргыз Републикасынын Жогорку Кенешинин депутаты К.А. Талиева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-12165/23, 29.09.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

 

Кыргыз Републикасынын Жогорку Кенешинин депутаты К.А. Талиева тарабынан демилгеленген

Баяндамачы: Талиева Камила Абдыразаковна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

         Чакырылгандар: Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович – Кыргыз Республикасынын эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары;

         Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

         Кудайбергенов Бактыбек Жапарович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы.

 

5.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Кенжебаев, М.Маматалиев, М.Самыйкожо демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-13678/23, 27.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Кенжебаев, М.Маматалиев, М.Самыйкожо демилгелеген

Баяндамачы: Кенжебаев Аманкан Батырбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

         Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы;

Темиралиев Умбриэль Темиралиевич«Бишкек» ЭЭЗдин башкы директору.

6.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
С.А. Айжигитов жана М.А. Маматалиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө” жана “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-13740/23 30.10.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
С.А. Айжигитов жана М.А. Маматалиев тарабынан демилгеленген

Баяндамачы: Айжигитов Султанбай Абдирашитович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

         Чакырылгандар: Амангельдиев Данияр Джолдошбекович - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

         Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

         Тургунбаев Мелис Жусупжанович - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

         Боконтаев Кубанычбек Кенешович - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы;

         Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

 

 

7.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-14935/23, 27.11.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет).

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Алиев Бактияр Дженишбекович - Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасы.

         Чакырылгандар: Дуйшеева Жибек Курманбековна – Кыргыз Республикасынын финансыминистринин орун басары.

         Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

 

 

8.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
(№6-15918/23, 14.12.2023-ж.) (биринчи окууга киргизилет)

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

Баяндамачы: Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

         Чакырылгандар: Бакетаев Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

         Джунушалиев Айбек Джанышбекович – Бишкек шаарынын мэри;

         Жетигенов Бакытбек Женишбекович – Ош шаарынын мэри.

 

9.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” долбоорун Каржылоо макулдашуунун долбоору (макулдашууга).

 

Баяндамачы: Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

10.

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Digital CASA – Кыргыз Республикасы долбоорун кошумча каржылоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2018-жылдын 2-июлундагы “Digital CASA – Кыргыз Республикасы” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу каттын долбоору (макулдашууга).

 

 

Баяндамачы: Кутнаева Нурия Асылбековна – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри.

Чакырылган: Татиков Руслан Сатылганович – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

 

 

 

11.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Ф.А. Алимжанов, М.А. Маматалиев, Ж.П. Нурбаев, Т.Т. Мамытов,
Ш.К. Атазов, Ф.Д. Исмаилов, А.А. Козуев, Д.А. Ашимова жана
К.Л. Ханджеза  тарабынан демилгеленген “Вакф (вакуф) негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү жөнүндө.

 

 

Баяндамачы: Толонов Данияр Эрмекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

           

12.

Ар кандай маселелер.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                     Д. Толонов