Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Улан Примов Россия Федерациясынын Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков менен жолугушту

12-12-2023 17:55

Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова Россия Федерациясынын Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Примов Александр Жирковго Кыргыз Республикасы менен Якутиянын ортосундагы достукту жана коомдук-маданий байланыштарды чыңдоого, кыргыздын "Манас" эпосун, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз авторлорунун чыгармаларын жайылтууга, мамлекеттик ишмер Максим Аммосовдун элесин түбөлүккө калтырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. "Кыргызстан кыргыз-орус кызматташтыгынын стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана Россия Федерациясы менен ар тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөгө кызыктар. Региондук форматта парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, ал жалпысынан эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө жана экономикалык потенциалды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Саха Республикасы менен кызматташуу Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени бизди окшош маданият жана каада-салттар бириктирип турат", - деп белгиледи Улан Примов. Ошондой эле ал Кыргызстандын жарандарынын Якутия аймагында болуусу жана эмгектенүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Улан Примов ошондой эле Якутияда жашаган кыргызстандыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана депутаттарынын атынан Александр Жирковго өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Россия Федерациясынын Саха Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын төрагасынын орун басары Александр Жирков белгилегендей, анын Кыргызстанга болгон сапары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоого жана "XX-XXI кылымдарда улуттун калыптанышында жана коом менен маданияттын өнүгүшүндө лидерлердин ролу" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышууга арналган. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Якутиянын ортосунда туруктуу достук мамиле түзүлгөнүн баса белгиледи.