Тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов АКШнын КР Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

12-12-2023 17:19

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кыргызстандын парламенти Америка тарап менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. "Кыргыз-америка карым-катнашынын маанилүү элементи болуп парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү саналат", - деп белгиледи Улан Примов. Ошондой эле, комитеттин төрагасы Кыргызстандын жарандарына виза берүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандыктар бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты. Улан Примов америкалык тарап Кыргызстандын жарандарына виза берүү процессин мындан ары оптималдаштыруу боюнча ишти улантарына ишеним билдирди.

Экономикалык өз ара аракеттенүү жаатындагы маселелерге токтолуп, Улан Примов Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын, инвестициялык мыйзамдарды жакшыртуу жана эркин экономикалык аймактарды түзүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери Жогорку Кеңештин АКШ Конгресси менен тыгыз өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан программалар жана долбоорлор тууралуу айтып берди. Лесли Вигери виза маселесине да кеңири токтолду.

Жолугушууда тараптар ошондой эле кыргыз-америка кызматташтыгынын учурдагы маселелерин талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.