2023-жылдын 4-декабры, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйналышынын Күн тартиби

01-12-2023 09:19

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы жыйналышынын Күн тартиби

 

Убактысы: 10:00

Өткөрүлүүчү жери: Жогорку Кеңештин Күн чыгыш залы (1-кабат)

 

Маселелер

Демилгечи

Баяндамачы

1

“Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууда)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (чыг. №18-5922 13.06.2023-ж.)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

2

 

“2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууда)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (чыг. №18-9788 20.11.2023-ж.)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

3

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (чыг. №18-7/355 03.11.2023-ж.)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

4

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Э. Т. Токтошев тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы №П370-VII протоколдук тапшырмасы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмиль Токтакунович Токтошев

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмиль Токтакунович Токтошев